Пакистандын Пешавар шаарындагы мечиттеги терактта каза болгондордун саны 59 адамга жетти. Бул тууралуу BBС жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жарылуу намаз окуу учурунда болуп, имараттын жарымы урап түшүп калган. Адамдарды басып калган. 150дөн ашык адам жабыркаган.
«Өзүн-өзү жардырган адам намаз окуп жаткандардын алдыңкы катарында болгон. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф уюштуруучуларды айыптап, алар ислам менен эч кандай жалпылыгы жок экенин белгиледи», — деп жазышкан ЖМК.
Жергиликтүү ооруканада жабырлануучулардын көптүгүнөн өзгөчө абал режими жарыяланды.