Бишкекте 8-кичи районунда жайгашкан турак үйдүн 3-кабатынан кулап кеткен 75 жаштагы пенсионер каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум көп кабаттуу үйдүн алдында жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.
«Жерине 5 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамы менен жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп жазылат маалыматта.