Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамда партия же талапкер элдин тандоосуна таасир эткен одоно мыйзам бузуулардан улам четтетилсе, кийинки үгүт иштерине катыша албастыгы белгиленген.
Ошондой эле, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү иштеп жаткан парламенттин шайланган конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын биринчи жекшембисинен акыркы жекшембисине алмаштырылган.
Башкача айтканда, ЖКга шайлоо 31-октябрга туш келип калат.