Белгилүү «Орел и решка» телекөрсөтүүсүнүн алып баруучулары Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Маалыматка ылайык, тартуу иштери алгач Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон, ал эми 1-июлдан 17-июлга чейин Бишкек шаарында уланган. Телеберүүнүн сырлары азырынча ачыла элек, ошондой эле сентябрь айынан тарта обого чыга баштайт.
Бул «Орел и решка» командасынын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары эмес, алар буга чейин бир нече жыл мурда келип кетишкен. Анда Бишкекти, жайлоо турларын, Ысык-Көлдү жана бүркүттөр менен богон аңчылыкты изилдешкен.
Эң кызыктуусу ар бир эпизоддун аягында алып баруучулар 100 долларды бөтөлкөгө салып, катып кетишет. Ал акчаны ким таап алган болсо өз керегине пайдаланса болот.