7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 8 жашар кыздын мээсине уникалдуу операция жасалды

682

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Операцияга Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

2016-жылы Жалал-Абад облусунда туулган бейтапка баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган. Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишикти, башкача айтканда тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон, ал болжол менен бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин өсүп келген.

Аталган карынчанын түбүндө чачтын тамыры болгон, ал жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Чачтын өсүүсүнүн уланышы бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирмек.

683