7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздери талкууланды

21

Бишкекте «Кыргызстанда абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана башкаруу механизмдерин талдоо» темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чара министрдин орун басары Асел Раимкулованын жетекчилиги алдында өтүп, атмосфералык абаны коргоо жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык базанын, ошондой эле адамдын таза, ден соолукка пайдалуу жана туруктуу айлана-чөйрөгө болгон укугун ишке ашыруу механизмдеринин аналитикалык баяндамасы сунушталды.

Баяндама Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын, стратегиялык документтерин, эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) жана башка эл аралык уюмдардын сунуштарын талдоонун негизинде даярдалган.

Тегерек столдун негизги максаты — жүргүзүлгөн обзордун жыйынтыктарын талкуулоо жана абанын сапатын башкаруу боюнча мыйзамдарды жана механизмдерди мындан ары өркүндөтүү үчүн артыкчылыктуу сунуштарды аныктоо болду.

Тегерек стол БУУнун Борбор Азия боюнча Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Регионалдык бөлүмү менен биргеликте жана БУУ ЮНЕПтин техникалык колдоосу менен өттү.

22