“Сейтек” борборунда Агартуу министрлигинин 2025-жылды жыйынтыктоочу коллегиясы өтүүдө.
Алгач коллегияны агартуу министри Догдургүл Кендирбаева ачып, сөздү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди.
Байсалов өз сөзүндө, өткөн жылы министрлик тарабынан аткарылган иштерге токтолуп, “Алтын казык” программасынын артыкчылыктарын белгиледи.
Коллегияга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева, министр Догдургүл Кендирбаева, министрликтин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышууда.



