7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды

649

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди.

Филиалды ачуу чечими Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.

Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм ж.б. адистиктер боюнча билим алышат.

Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30%ы тартылса, 70% окутуучулар Кыргызстандан болот деп мерчемделүүдө.

Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү пландалууда.

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан Кыргызстан менен Казакстандын, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат.

Кыргызстан менен Казакстандын лидерлери окуу жайдын имаратын көрүп чыгышып, университеттин Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырышты.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650