Бишкекте Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Бардыгы болуп 11 км дарыянын нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдын 2100 рейси аткарылып, 46 822 тонна таштанды чыгарылды. Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн. Тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объектти демонтаждалган.
Текшерүү учурунда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тосмолор кандай негизде орнотулгандыгын иликтөө тапшырмасы берилди. Тиешелүү уруксаттар жок болсо, демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт.
Борбор калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.
Учурда 1400 погон метр тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылды.