7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте алдамчылыкка шектелип төлгөчү кармалды

244

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 1995-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну төлгөчүгө чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз менен кайрылган. Ал төлгөчү жеке жашоосун сыйкырдуу түрдө жакшыртат деп ишенип, 2022-жылдан 2025-жылга чейин 100 000 доллар бергенин айткан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.К., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

245