7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында мелдеш өтөт

204

20-22-февраль күнү Советтер союзунун баатыры, лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун жаркын элесине арналган аскердик кармаш уруш боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өлкө биринчилиги өтөт.

Дене тарбия жана спорт агенттиги берген маалыматка ылайык мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:

Өспүрүмдөр арасында (2012-2013-жылы туулгандар): 44, 46, +46 кг;

Өспүрүмдөр арасында (2011-2010-жылы туулгандар): 50, 55, 60, +60 кг;

Кыздар (2008-2010-жылы туулгандар): 50, 55, +55 кг;

Балдар (2008-2009-жылы туулгандар): 55 60, 65, 70, +70 кг;

Жаштар арасында:
Кыздар: 50, 55, 60, +60 кг;
Балдар: 57 60, 65, 70, 75, +75 кг;

205