Кечээ, 18-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы астында коопсуздук маселелери боюнча кеңейтилген кеңешме өттү. Ага Бишкек шаарынын прокурору К. Насипов, Бишкек ШИИББнын жетекчиси А. Токтоналиев, шаардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле мектептердин директорлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө коопсуздукту күчөтүү боюнча чаралар, анын ичинде өрт коопсуздугу, мектептеги бейбаштык жана буллингге каршы күрөшүү, ошондой эле социалдык блок жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин жоопкерчилиги талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында, мэр мектептердеги коопсуздук чараларынын сакталышын, видеокөзөмөл камераларынын болушун жана натыйжалуулугун текшерүү максатында атайын жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Укук бузууларды алдын алуу үчүн мектеп окуучулары көп чогулган жерлерде, анын ичинде мектептерге жакын жерлерде камералардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Жумушчу топко ошондой эле педагогдор, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекторлордун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу тапшырылды. Зарылчылык болсо, кошумча техникалык каражаттарды сатып алуу боюнча чаралар сунушталат.
Мындан тышкары, мектептерди кайтарууну ИИМдин жеке күзөт агенттиктерине өткөрүп берүү, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасындагы бейбаштык жана буллинг учурларын эрте аныктоо үчүн жеке балдар психологдорун тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
ӨКМге кыска мөөнөттө мектептердеги жана башка социалдык объектилердеги өрт коопсуздугу боюнча отчет, анын ичинде аныкталган мыйзам бузуулардын тизмесин берүү тапшырылды.
Ишиндеги кемчиликтерге жана тиешелүү көзөмөлдүн жоктугуна байланыштуу борбор калаанын мэри тарабынан жетекчилик кылган орун басар В. Мозгачевага, билим берүү департаментинин директору Р. Мусаевага жана Ленин администрациясынын акиминин орун басары А. Жунусовага сөгүш берилди. Ошондой эле Ленин райондук билим берүү борборунун башчысынын ээлеген кызмат ордуна шайкештик маселесин кароо тапшырылды.