7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аутист баланы чаап жиберген жаран баланын жакындарынан кечирим сурады

541

Бишкектеги ооруканада аутист баланы чаап жиберген киши милицияга өзү келип, баланын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Милиция 34 жаштагы кишинин видеосун жарыялады. Анда ал окуя 27-августта күндүз Фучик көчөсүндөгү ооруканада болгонун айткан.

«Баланын ата-энесинен, жакындарынан, эжесинен кечирим сурайм. Бала өзгөчө экенин чындап билген эмесмин. Ал сумкамды ачып жатканда баалуу бир нерсемди уурдайбы деп ойлоп кеттим. Кечирип койгула. Эртеси интернетте бул видео тарап кетиптир. Милицияга өз ыктыярым менен келдим», — деген ал.

Бул боюнча экспертиза дайындалган, милиция анын жыйынтыгынан кийин чечим чыгарат.

 

542