Издөөдө жүргөн УКТнын лидери Салимбай Абдувалиевдин («Салим-бойвоча») тарапташы КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Ал 1956-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган.
Кармалган «М.М.М.» аттуу жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты «Салим-бойвоча») менен жана буга чейинки КР УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган «З.Э.Т.» менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон (сүрөтү такталган).
Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран УКТнын идеалогиясынан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийүүсүн билдирген.