Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров эркиндикке чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Дуров сотто 8 сааттан ашык убакыт өткөргөн. Ал эми убактылуу Франциядан чыкпай турушу керек. Павел Дуров 5 миллион евро күрөө жакында төлөйт.
Экке салсак, ага башында айтылып жаткан бардык кылмыштар боюнча, анын ичинде балдар порносун таратуу жана баңги аткезчилиги боюнча айып тагылган.
Павел Дуров ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү. Ал Forbes журналындагы эң бай орусиялыктардын рейтингинде сегизинчи орунда турат.