7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте августта чучук алмаштыруу операциясы жасалат

337

Кыргызстанда биринчи жолу жасалчу балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айынын башында өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, операция Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда жасалат. Учурда атайын бөлүм даярдалып, тиешелүү жабдуулар сатылып алынды.

«Президент органдарды өлкө ичинде алмаштыруу боюнча тапшырма койгон. 15-февралдан бери бөйрөк акысыз алмаштырылууда. Мындан тышкары, 74 адис Түркиядан, Россиядан даярдыктан өтүп келип, эки жарандын боору трансплантацияланды. Буга 55-150 миң долларга чейин керектелет. Каражаттын баары президенттик фонддон берилүүдө. Мындан тышкары, учурда чучук алмаштыруу үчүн тийиштүү жабдыктар алынды. 2-августта төрт жаранга акысыз операция кылуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө», — деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле катарлык дарыгерлердин жардамы менен 168 тубаса дүлөй балага операция жасалып, эми чоңдорго дагы жасоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда жылына 180-200гө жакын бала онкологиялык ооруларга чалдыкса, бул дарт менен күрөшкөн 500-600дөй бала дарыланат.

338