Бүгүн Курманжан датка көчөсүнөн автобус 73 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынын кесепетинен Тез жардам келгиче каза болгон.
«Окуя боюнча териштирүү иштери башталып, экспертиза дайындалды. Автобус айып төлөөчү жайга киргизилди. Ал эми автобустун 60 жаштагы айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилди»,— дешти Бишкек ШИИБден.