Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Октябрь районуна караштуу Байтик-Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн 9-кабатынан 1 аял өзүнүн жанын кыюга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, аялды түшүрүшүп ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.