7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аялдардын жатын рагын алдын алуу үчүн бир айлык жарыяланды

490

Аялдардын жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн Бишкекте бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ борбор калаада жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча  жыйын өттү. Ага саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, дарыгерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Иш-чарада адистер  аталган дартты азайтуудагы жасалып жаткан иштер тууралуу  маалымат берилип, төмөнкү максаттар алдыга коюлду:

-15 жашка чейинки кыздарды 90 %га чейин АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү;

— 35 жаштагы аялдарды 70%га чейин скрингден өткөрүп, ооруну эрте аныктоо  жана бул текшерүүнү 45 жашында кайталап жүргүзүү;

— 90% дарт аныктаган аялдарды көзөмөлгө алып, эрте дарылоону баштоо.

Жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы аялдардын басымдуусу жабыркайт.

Аталган ооруну алдын алуу үчүн  адамдын папилома вирусуна каршы  эмдөөдөн өтүү керек. Адистер илдеттен толук айыгуу үчүн  эрте диагностикадан өтүү керектигин эскертишет.

2020-жылдын 17-ноябрында Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо Уюму жатын моюнчасынын  рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегясы кабыл алынып, Кыргызстан ага кошулган.

Иш-чаранын максаты аталган  ооруну алдын алуу боюнча калкка маалымат жеткирүү.  Бир айлык  12-декабрга чейин жүрөт.

491