7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аялдын 40 миң долларын маршуттук таксиден уурдаган шектүү кармалды

354

Бишкекте маршуттук таксиден аялдын телефонун жана 40 миң доллар акчасын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январь күнү болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук таксинин ичинен баштыгымды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматына 1979-жылы туулган О.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган.

«Баштыгынын ичинде Редми-9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 миң доллар акчасы бар болгон. Жазылган арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Шектүү Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Просмотреть запись

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

355