Бишкек шаарындагы 127 млн сомду түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында «П» курулуш компаниясы тарабынан 12-кичи районунда жайгашкан мыйзамсыз берилген жер тилкесине көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жаткандыгы аныкталды.
2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планынын авторлорунун бири А.А.М., Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Октябрь администрациясынын жасалма токтомун колдонуу менен аффилирленген жактарга жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнгөндүгү такталды.
Аталган жер тилкелери турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон айрым жарандардын өзүнчө категорияларына арналган. Деген менен, ал жер тилкелерин аталган жарандын жакын туугандарына жана Бишкек шаарынын аймагында жашабаган башка жактарга берүү фактылары аныкталып документтештирилген, бул Жер кодексин бузуу болуп саналат.
Кийинчерээк бул жер тилкелерин пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда аталган компания 12 кабаттуу турак жайды куруп жатат. Жыйынтыгында «П» курулуш компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына жалпы аянты 996,18 м2, суммасы 127 млн. 681 миң 80 сомду түзгөн 12 бирдик кыймылсыз мүлктү акысыз өткөрүп берди.
Учурда тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.