7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

451

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 25-апрелде, Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун — капсуланы салуу аземине катышты.

Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат. Салтанат мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды.

Андан кийин президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты. Президенттер келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүшүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

452