Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарынын «Улуу Мурас» ансамблинин 35 жаш таланттуу комузчулары Өзбекстанга Эл Аралык Кароо сынакка катышуу үчүн жөнөп кетишти.
Сынакка 8 жаштан 15 жашка чейинки комузчулар катышат. Ансамблди жетектеген Нурсултан Таманбаев. «Улуу Мурас» ансамблинин комузчулары 2021-жылы түзүлгөн, ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келет.
Мындан тышкары, дагы 35 окуучу 7-майда Казакстандагы сынактардын бирине катышуу үчүн жөнөшөт.