«Менин атым Хюррем» деген сары чачтуу актриса жашообузга «Даңазалуу доор» сериалы менен кошо киргени эсиңиздеби? Бул тасмадан соң, ар бир айылдын өзүнүн Хюрреми, өзүнүн Сүмбүл агасы, өзүнүн Султан Сулейманы пайда болгон. Мына ошол Хюрремди мыкты аткарган түрк жана немис актрисасы Мерьем Узерли тууралуу фактыларды топтодук.
1. Мерьем Сахара Узерли 1983-жылы 12-августта Гамбургда (Германия) төрөлгөн.
2. Апасы немис улутунун өкүлү болсо, атасы түрк улутунан. Төрт бир тууган.
3. Беш жашында Мерьем алгачкы жолу сахнага чыгып, театрда ойноп баштаган.
4. Мектепти аяктаган соң, Гамбургдагы театралдык окуу жайга тапшырып, ийгиликтүү аяктап, бир нече сынактарда жеңишке жеткен. Дипломун алгандан кийин, көп убакыт Бург театрында иштеп калган.
5. «Кайрылуу жок саякат» тасмасы үчүн «Алтын апельсин» эл аралык кинофестивалында сыйлыкка ээ болгон. Андан соң, карьерасынын өсүшүнө көптөгөн сунуштар түшө баштаган.
6. «Даңазалуу доор» сериалында башкы каармандын ролун ойногону баарыбызга маалым. Сериал 2011-жылдан 2013-жылга чейин тартылып, ийгиликтин туу чокусуна жеткенде Мерьем Берлинге кайтууга аргасыз болгон. Ал тасманын 99-сериясына чейин тартылып, бул аралыкта бүткүл дүйнөгө таанымал актрисага айланган.
7. Мерьем Узерли эки жолу эне статусуна ээ болгон. 2014-жылы Германияда кызын жарык дүйнөгө алып келген.
8. «Втроём», «Инга Линдстрём», «Линия», «А теперь балет», «Великолепный век», «Королева ночи», «Материнская рана», «Умник Реджаи», «Улей», «Ру» жана башка сериалдарга тартылган.