7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бала бакчалар менен мектептерде балдардын тамактануусуна бөлүнгөн каражат көбөйдү

675

1-майдан тарта Бишкек шаардык кеңештин токтомуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануусуна бөлүнгөн каражат көбөйдү. Бул тууралуу 7-каналга мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде толук кандуу  жана жогорку калориялуу тамактанууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдардын тамактануу нормалары жогорулатылды.

Балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн:

  •  3 жашка чейин бир балага күнүнө — 100 сом; (мурдагы норма 58 сом болгон)
  •  3 жаштан 7 жашка чейин бир балага күнүнө — 120 сом; (мурунку сумма 60 сом болгон)
  • психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар балдар үчүн тамактануунун нормасын жогорулатуу 120 сом, күнү-түнү болгон топтордо 120 сомго чейин;
  • кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада бир балага 150 сом, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен (мурдагы норма 95 сом болчу).

Белгилей кетсек, президенттин 1992-жылдын 23-декабрындагы № ПП-391, 1993-жылдын 13-майындагы № ПП-145) «Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды багуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кошумча төлөө принциби, 50 пайызын муниципалитет, калганын ата-энелер төлөйт.

Окуучулар жана  жалпы билим берүү уюмдары үчүн:

  • жалпы билим берүү уюмдарында жетим балдар жана 5-7-класстардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн 22 сом өлчөмүндө (мурдагы норма 14 сом болгон);
  • 1-4-класстын окуучулары үчүн билим берүү мекемелеринде тамактануунун нормасын 22 сомго чейин көтөрүү (мурдагы норма 14 сом болгон);
  • жалпы билим берүү уюмдарында психикалык жана физикалык жактан бузулган балдар үчүн бир окуучуга күнүнө 36 сомдон (мурдагы тариф 28 сом болгон);
  • Октябрь районунун №71 мектеп-интернатындагы жана Биринчи май районундагы  №1 А.Каниметов атындагы мектеп-интернатындагы балдар үчүн,  бир балага күнүнө 200 сомдон тамактандыруунун нормасы жогорулаган (мурункусу 110 сом болгон);

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676