7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов эки университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты

540

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов КМТУнун бир катар лабораторияларын көрүп чыкты, маалымат борборлорун жана кафедраларын кыдырып, студенттер менен баарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары КМТУнун жана КМКАТУнун профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушууда окуу процессин сынга алып, бүтүрүүчүлөрдүн учурдагы билими жана ЖОЖдордун окуу программалары экономиканын жана рыноктун заманбап талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, университетти өлкөдөгү өндүрүштү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө күчтүү импульс бере ала турган инженерлерди чыгара турган “мыктылардын борборуна” айландыруу керек.

Өз кезегинде БМУ ректору Абдылда Мусаев Эдил Байсаловго университеттин акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, ошондой эле окуу жайга караштуу институттар менен маданий-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Минкаб башчысынын орун басары университеттердин ректораты менен окутуучуларын  студенттерди окутуу процессин жана алардын жашоосун өзгөртүү, ошондой эле алардын атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу жана алган билимдеринин сапатын жогорулатуу максатында кардиналдуу чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго тапшырууда педагогикалык жана инженердик-техникалык адистиктерге артыкчылык берүүгө чакырган маалыматтык кампанияны ишке ашырууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541