Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, табылган эки ымыркайдын жансыз денеси боюнча маалымат Аламүдүн РИИБне 12-майда келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, эки ымыркайдын сөөгүн Дордой-2 жаңы конушунун аймагынан табышкан.
Бул факты Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, бардык экспертизалар дайындалды. Окуя Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында болгондугуна байланыштуу материалдар аталган бөлүмгө өткөрүлүп берилет.