7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол шаарын өнүктүрүү үчүн 885 млн сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү

550

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысына жалпы суммасы 885 млн сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Ысык-Көл облусуна караштуу  Каракол шаарын өнүктүрүүнүн 3 багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген.  Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Каракол шаарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды аткаруунун натыйжасында жасалган өзгөрүүлөрдү жергиликтүү жашоочулар сезиши керек, ошондой эле туристтер үчүн да заманбап ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт.

Белгилей кетсек аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып,  иш-чарада мерчемделген жумуштарды максатка ылайыктуу ишке ашырууга бюджеттен 2 млрд сом каражат каралган. Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 млн сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 13-14-май күндөрү Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Облустун аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551