7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте батирге ууруга кирген 3 жаран кармалды

1076

Бишкекте батирге ууруга кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-ноябрга караган түнү Рухий-Мурас конушунда болгон. Уурулар үйдөгү видеокамераны жулуп, андан кийин батирге ууруга киришкен.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») менен катталды.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Б.Б., 1992-жылы туулган К.К., 1987-жылы туулган К.Б. кармалды. Алар мурда да оор кылмыш менен сот жоопкерчилигине тартылган.

Шектүүлөрдү текшерүү учурунда 7 патрон (5,56 калибр, АКСУ) зер буюмдар жана видеокамера табылган. Унаасынан баңгизат салынган баштык да чыкты.

Тергөө учурунда башка дагы турак үйлөрдү тоногонун айтышкан. Тергөө, текшерүү иштери уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1077