7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бир катар турак жай массивдерин газга кошуу үчүн документтер даярдалды

197

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери борбор калаадагы бир катар турак жай массивдерин газ менен камсыздоо боюнча инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгышты.

Маалыматка ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына өткөрүлүп берилди.

Инженердик-техникалык шарттар Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы (69 га), Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ бөлүштүрүү тармактарына кошуунун техникалык параметрлерин аныктап, газ түтүктөрүн долбоорлоо жана андан аркы курулуш иштерине негиз болот.

Адистердин айтымында, бул борборлоштурулган газ менен камсыздоого багытталган маанилүү этап болуп саналат. Долбоор жаңы жана активдүү курулуп жаткан райондордо инженердик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Долбоор ишке ашкандан кийин аталган турак жай массивдерин заманбап жана ишенимдүү газ менен камсыз кылууга, ошондой эле Бишкек шаарынын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.

198