7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте  биринчи ротордук унаа токтотуучу жай ишке кирди

160
 «Орто-Сай» базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө жайгашкан биринчи ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Бул инновациялык чечим шаардын мейкиндигин натыйжалуу пайдаланууга жана тыгыз курулуш шартында унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, жаңы ротордук унаа токтотуучу жай 10 унаага ылайыкталган. Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат. Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт, андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын токтотуучу жайдан чыгаруу үчүн кайрылат.
Ротордук унаа токтотуучу жайды орнотуу — бул шаардын инфратүзүмүн модернизациялоого жана Бишкектин борбордук райондорунда унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин чечүүгө карай жасалган кадам. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болот.
161