Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Эрфурт шаарынын соода өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухауз баштаган Тюрингия Федералдык жергесинен (Германия Федеративдүү Республикасы) келген делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүү, экономика тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташуунун чөйрөлөрү талкууланды.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы алакаларды чыңдоо үчүн Тюрингиядан келген делегациянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, акыркы үч жылда эки тараптын мамилелери позитивдүү көрсөткүчтөргө ээ экенин билдирди.
Кызматташтык жөнүндө меморандумду ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, анын аркасында 2024-жылдын сентябрь айында биринчи жолу Кыргызстандын студенттерине Тюрингиянын алдыңкы компанияларында стажировкадан өтүү менен үч жылдык кош кесиптик билим берүү курсун бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Өз кезегинде Дитер Баухауз кыргыз тарапка билим берүү долбооруна активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргызстандык студенттердин даярдыгы жана мотивациясынын жогорку деңгээлин белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү программаларын мындан ары да кеңейтүүгө жана Тюрингияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүүгө үмүттөнөөрүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты эки тарапты тең кызыктырган бардык чөйрөлөрдө мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө бекем ишенимин билдиришип, конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара көңүл бурууну баса белгилешти.