Кыргызстанда 15-март күнү Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.
Саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
Бул иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Аталар күнү былтыр негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат.