1-2-3-майда Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу.
Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча: 0702 702 000