Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү кечке жуук өтүп бараткандар 7-апрель көчөсүндөгү көпүрөнүн четинде бир жигит турганын көрүшкөн. Анын жүрүм-туруму борбор калаанын тургундарын тынчсыздандырып, алар жигит өз жанын кыюуга аракет кылып жатат деп шектенип, дароо милицияга жардам сурап кайрылышкан.
Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын шаардык милиция бөлүмүнүн инспектору барган. Жигит менен сүйлөшкөндөн кийин анын ким экендигин аныкташкан. 1993-жылы туулган Б.А. чындап эле өз жанын кыйгысы келген, бирок милиция кызматкерлери аны токтотуп коюшкан.
Аны милиция бөлүмүнө алып барышып, Бишкек шаарынын тургунун туугандарына өткөрүп беришкен.