Бүгүн, 8-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетип, тоо этектеринде жолдор тайгак болушу күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй менен Ысык-Көлдө +4…+9,
Талас, Нарын жергесинде +3…+8,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15 градус болору айтылды.
Бишкекте +7…+9, Ошто +13…+15 градусту көрсөтөт.
Ошондой эле Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.