7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

659

Бишкекте эки Саламаттыкты сактоо мекемесинде мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Дарыканалар Киев көчөсү 154 дарегинде жайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында жана Кривоносова көчөсү, 206 дарегиндеги Темир жол ооруканасында ачылды.

«Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Министр белгилегендей, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн быйыл республика боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу жана уюштуруу зарыл.

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып ала алат.

Белгилей кетсек, эми Бишкекте 11 мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча 61 «Эл Аман» дарыкана иштейт.

660