Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16 мектеп аралыктан окууга өттү. Мектептен билим алышы керек болгон 1 миң 862 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатышат. Буга окуучулардан коронавирус табылганы себеп болду.
Эскерте кетсек, жалпысынан 16 мектеп онлайн режимге өттү. Алар: № 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61.