7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте демөөрчүнүн көмөгүндө эс алуу паркы ачылды

785

Борбор калаанын 6-кичи районундагы Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы коомдук бакча ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эс алуучу жайдын ачылышына «Бишкекасфальтсервис», «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы жана активдүү шаар тургуну салым кошкон.

«Бишкексфальтсервис» ирригациялык лотокторду, тротуар жана жолдун чекелерин, темир бетон болгон сугат түтүктөрдү, суу өткөрүүчү люктарды жана темир тосмолорду орнотуп, асфальт төшөп берген.

Демөөрчү Нариман Кыбраев отургуч, таштанды челек, жарык берген мамы, автоматтык сугаруу системасы, арык, бак-дарак, гүл, Wi-Fi жана башка сквер үчүн керектүү нерселер менен камсыздаган.

Эскерте кетсек, «Бишкек жашыл чарба» бактын көчөттөрүн отургузуп, жерди тегиздеп газон кылышты. Жакын арада дагы 11 жалбырактуу бак-дарак отургузулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786