Коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 2-июнда Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырып, 31-майда УКМКга суракка чакырылган бойдон камакка алынган. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Пирматов 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.