Бүгүн, 7-декабрда болжол менен саат 15:00 чамасында Дэн Сяопин 133 дарегинде жайгашкан унаа тетиктерин саткан дүкөндүн артынан өрт чыкты. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы жеринен билдирди.
Учурда өрт өчүрүүчү кызматкерлери иштеп жатат. Өрт эмнеден улам чыккандыгы азырынча белгисиз.
Алдын ала маалымат боюнча, унаа тетиктерин саткан дүкөндүн артында ашкана жайгашкан, өрт ошол жактан чыккандыгы айтылууда.