Эл аралык террористтик уюм менен Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү радикалдуу көз караштардан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргызстандын жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы туулган А.А.Н. аттуу тургуну жана 1983-жылы туулган О.Д.И. радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, КРнын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун жана Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.
Учурда УКМК аталган уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.