1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашкан. Ошондой аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.