Мейиз — кургатылган жүзүм. Мейиздин адам организмге пайдасы аябай көп. Бул витаминдерге жана минералдарга бай антиоксидант. Анын негизги артыкчылыгы — анын курамында 80% дан ашык канттар, шарм жана линол кислоталары, азоттуу заттар жана клетчатка. Ошондой эле, мейизде витаминдер (A, B1, B2, B5, C, H, K, E) жана минералдар (калий, бор, темир, фосфор, кальций, магний, натрий) бар. Бул макалада мейиздин пайдасын айтып беребиз.
Мейиздин пайдасы:
1) Бөйрөктүн иштешине жана терини жумшак кылып алып жүрчү касиетке ээ. Денедеги уулуу заттарды кетирүүгө жардам берген диуретикалык таасири бар.
2) Мейиз канды тазалайт, жүрөк ооруларына жардам берет, спортчуларды калыбына келтирет, мээни иштейт жана нерв импульстарынын өтүшүн тездетет.
3) Бул жемиштин жардамы менен депрессиядан арылып, уйкуну жакшыртып, организмдин жалпы абалын жакшырта аласыз.
4) Мейиздин пайдалуу касиеттери сиңирүүнү тездетип ,кандагы темирдин деңгээлин көтөрөт. Бул темирдин жетишсиздиги аз кандуулуктан сактайт.
5) Тиштин чиришин , диабет жана рак ооруулары азаят. Мейиз кан басымдын көтөрүлүшүнө жана жүрөк-кан тамыр ооруларына пайдалуу
6) Аз кандуулукту дарылоого жардам берет жана кан айланууну жакшыртат. Бул кичинекей кургатылган мөмөнүн курамында кан түзүүгө эң керектүү В тобундагы витаминдер бар жана темир көп.
7) Мейиз була булагы болуп саналат, ал тамак сиңирүүнү жакшыртып, ич катуунун жана ич өткөктүн алдын алат.
8) Мейизди үзгүлтүксүз колдонуу диабет менен ооруган адамдардагы кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт .
9) Мейизде рактын алдын алуу жана дарылоодо маанилүү антиоксиданттар бар.
10) Жогорку кан басымды төмөндөтөт .
11) Жүрөк ооруларынан сактайт.
12) Жөтөлдү басат.
13) Көк боорду жана ашказанды тазалайт.
14) Эс тутумду жөнгө салат.
15) Мейизди сууга кайнатып суусун ичсеңиз арыктоо үчүн эң сонун даары болуп эсептелет.
Мейиздин зыяндуулугу:
1) Мейиздин зыяны, көптөгөн азыктар сыяктуу эле, ашыкча керектөө менен байланыштуу.
2) Семирүү-мейизде калория жана шекер көп.
3) Диабет-мейизде фруктоза көп болгондуктан аны ченеми менен жеш керек.