Түркияда парламент жыйынында бюджетти талкуулоо учурунда депутаттардын ортосунда мушташ чыгып, парламентарийлердин бири башынан жаракат алып ооруканага жаткырылганын Sputnik Түркия билдирди.
Маалыматка ылайык, бюджет талкуусунун экинчи күнүндө парламенттин жалпы жыйынында тирешүү жаралып, депутаттардын ортосундагы сүйлөшүү жаңжалга айланып кеткен.
«“Iyi” партиясынын мүчөсү Хусейн Орс мушташ учурунда башынан жаракат алып ооруканага жаткырылды»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram