7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте документи жок жер участокторуна 10 миң 744 техникалык паспорт берилди

588

Бишкек шаары боюнча документи жок жер участокторуна быйыл апрелдин соңуна чейин 10 миң 744 техникалык паспорт берилди.

Бул тууралуу “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 2392си Ленин, 4859у Биринчи Май, 3006сы Свердлов жана 487си Октябрь райондоруна туура келет.

Мекеме техникалык паспорттор жерди мыйзамдаштырууга укук бербей турганын, өзүм билемдик менен басып алынган бардык эле жерлер мыйзамдаштырылбай турганын эскертти.

“Электр чубалгылары, газ түтүктөрү өткөн, көрүстөндөргө, таштанды полигонуна жана суу ташкыны жүрүү коркунучу бар жерлерге жакын салынган үйлөр бар. Мындай участоктор 2 миң гектардан ашуун аймакты ээлейт. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзүнчө мыйзам долбоору иштелип чыгып жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589