7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дзюдо боюнча шаар биринчилиги өттү

318

«Газпром – балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде өспүрүмдөр жана жаштар арасында дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.

Мэриядан билдиргендей, мелдешке 300дөн ашуун спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мелдештин жыйынтыктары:

Өспүрүмдөр арасында:

1-орун — Токторгазиев Эрменхан;
2-орун — Жусупов Ислам;
3-орун — Кушкенов Эрбол;
3-орун — Кубанычбек уулу Нургазы.

Кыздар арасында:

1-орун — Сайдакматова Айдай;
2-орун — Калыева Айдеми;
3-орун — Турдажиева Акмаржан;
3-орун — Хайдарова Бактыгүл.

Иш-чара Бишкек мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргызстандын Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулду.

319