Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте Т.Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Эл артисти Марат Алышпаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, эл өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлери катышып жатышат.
Марат Алышпаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.