7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте электр зымдарын уурдоого шектүү жарандар кармалды

340

Бишкекте жаңы салынып жаткан имараттан электр зымдарын уурдап бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин “102” кызматына 2021-жылдын 14-январында саат 05:35 чамасында Байтик баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен электр зымдарын уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:25 чамасында белгисиз жаран жаңы салынып жаткан курулуш имаратынан баасы 72 миң сомдук электр зымдарын уурдап качып кеткен.

«Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Ө. аттуу жаранды качып бара жаткан жеринен кармашкан. Ал Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

341