7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Эмгек» партиясынын талапкери добуш сатып алуу фактысы менен кармалды

805

Кечээ,  10-июлда Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык 2- (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынын өкүлү «K.E.A.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган «К.Э.А.» «Эмгек» партиясынан талапкер «Р.у.Т.» көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын таратып жатканы белгилүү болгон.

«К.Э.А.» тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражатты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылып алынды.

УКМК  бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.  Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

806